http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Тоолуу айыл катары өкмөт тарабынан эч кандай жеңилдик каралган эмес...

Элдик репортер: Тоолуу айыл катары өкмөт тарабынан эч кандай жеңилдик каралган эмес...

12 Март , 14:58 136

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылынын Ала-Бас  айылында тизеден өйдө кар басып турат. Аталган айылдын кышы 5-6 айга чейин созулуп, айыл тургундарына көп эле машакат жаратат. Кар оор түшүп, жаз кечиккен айыл тургундарына өкмөт тарабынан эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Учурда жеңилдетилген пенсияга да чыга албай элет эли убара. Анткени айыл аймактын аты өзгөрүлүп, анын азабын баягы эле карапайым калк тартууда. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате