http://www.ktrk.kg/Нооруз майрамын утурлай сүмөлөк фестивалы өтөт

Нооруз майрамын утурлай сүмөлөк фестивалы өтөт

12 Март , 16:43 239

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алгачкы жолу Нооруз майрамын утурлай сүмөлөк фестивалы өтөт. Мындай майрамдык сүмөлөк 20-март күнү Жалал-Абад шаарында кайнатылат. Иш-чара "Курманбек" фольклордук аянтына уюштурулат жана 40 казан асылып сүмөлөк бышырылат. Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленген бул саамалык бир катар оюн-зооктор менен коштолуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. 

Ал эми кайнатылган сүмөлөк 21-март күнү борбордук аянттагы салтанатта жергиликтүү тургундарга таратылат. Иш-чаранын максаты - быйылкы аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында калаанын туристтик потенциалын жогорулатуу. Жергиликтүү бюджеттен бул жылы Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Новости по дате