http://www.ktrk.kg/Экс-президенттерди кол тийбестиктен алуу

Экс-президенттерди кол тийбестиктен алуу

12 Март , 23:23 271

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соңку айларда кызуу талкууланып келген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште акыркы окууда каралганы турат. 

Алгачкы демилгечилердин бири Исхак Масалиев толуктоолордон улам мүчүлүштүк кеткенин белгилеп, аны оңдоо зарылчылыгын айтты. Бирок тармактык комитет үчүнчү окууда карап жаткандыктан дагы кошумча киргизүүгө мүмкүн эмес.

Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин анын баш мыйзамга шайкеш келээр-келбеси Конституциялык палатада каралып калышы мүмкүн. 

Экс-президенттин кол тийбестигин алууга байланышкан мыйзам кандай иштейт деген маселеде аталган сот органынын төрагасынын пикир билдирүүсү эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты. 

Конституциялык палатанын жетекчиси “Мыйзам артка иштебейт” деген принципти жүйөө келтирип, кабыл алынган ченемдер экс-президент макамын мындан кийин ала тургандарга тийиштүү болуп калаарын кыйыткан эле. Жыйынга палатанын өкүлчүлүгү да чакырылган. Бирок эч ким келбегени белгиленди.

Ал карала элек мыйзам боюнча өз пикирин билдирип жатат. Бул өтө калпыс иш. Себеби судья өндүрүшкө келе элек иш боюнча пикир билдирүүгө болбойт. Кийин өндүрүшкө келип калса, ал иш каралаар алдында эле Мамыровдун пикири белгилүү, Конституциялык палатанын кандай чечим чыгараары коомчулукка белгилүү болуп калат да. Мен ушуну Юстиция министрлигинен сурагым келет. Соттун ушинтип комментарий бергени туурабы? - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

Мыйзам долбоорун толук кабыл алуу үчүн парламент тараптан эми соңку кадам жасалат. Аны Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үчүнчү окууда кароо жакынкы күндөргө белгиленээри күтүлүүдө.

Новости по дате