http://www.ktrk.kg/Айдоочуну алдастаткан айып кат

Айдоочуну алдастаткан айып кат

12 Март , 23:51 482

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол эрежелерин каттаган мониторинг борборунан кийин баардык маалыматтар Учкун концернинде жайгашкан бул жайга түз келип түшөт. Компьютердин жардамы менен ар бир катка индекс коюлат дагы, дароо кагазга чыгарылат.

Бир мүнөттө 52 бетти басып чыгарууга кубаттуу жабдык иштейт. Андыктан түйүнгө келген 4 жарым миңден ашык каттын баарын өз учурунда басып чыгарууга үлгүрүп жатат. Бул жерден басып чыгарылган каттарды, жол көзөмөлдөө башкы башкалмалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, ар бири конвертке салынат дагы, кыргыз почтасына өткөрүлүп берилет. 

Кыргыз почтасы мына бул каптардын жардамы менен аймак-аймака бөлүштүрүп таратканга алып кетет.

4-марттан бери Кыргыз почтасына 4 жарым миңден ашык кат келген. Алардын 3 000ден ашыгы кат ээлерине таратылып бүттү. Ал эми калгандары аймактарга жиберилди.

7-марттан баштап почточулардын да түйшүгү көбөйдү. Алар башка каттарга кошуп жол эрежесин бузган айдоочулардын дагы айып кагаздарын үйлөрүнө жеткире баштады. Бирок кабат үйлөрдүн эшигинен кирүүгө мүмкүн болбой, катты улам кайра ташып келип убара тартууда.

Эгер унаа ээси кат барган учурда үйдө болуп калса, анда жолдун болгону. Айрым кат ээлери айып тууралуу билдирүүнү доочу келгендей кабыл алышса, кээ бирлери жакынкы арада барып төлөп коебуз деп сыпайы кабылдашат.

Дал ушул айып кагаз келгенден кийин унаа ээси 15 күнгө жеткирбей төлөй турган болсо, 50 пайыз жеңилдик бар экендигин айта кетели. Ал эми бир айдан ашык төлөнбөсө анда кошумча туум менен бирге төлөйт.








Новости по дате