http://www.ktrk.kg/Кыргыз кызы кандай болуш керек?

Кыргыз кызы кандай болуш керек?

12 Март , 23:53 374

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн “кырк кыз” улуттук кароо-сынагынын катышуучулары камыр жайып, кесме кесип, жаа атып сынактан өтүштү. 

Сынакка өлкөнүн 40 районунан 40 кыз тандалып алынган болчу.

Анын эрежеси боюнча кыздар эч кандай боенуучу каражаттарды колдонбой нукура кыргыз кызынын образын көрсөтүү. 

Калыстар тарабынан адилетиз чечим чыгышына эч кандай негиз жок. Анткени даамды кайсы катышуучу даярдаганы калыстарга белгисиз жана даам сыздырып тааныштыруу милдети башка бирөөгө жүктөлгөн. Бардык кыймыл аракет келген меймандар менен катышуучулардын көз алдында. Устатынын же башка бирөөнүн жакын келип жардам берүусүнө тыюу салынган. 

Катышуучуга берилчү эң жогорку упай 60. Ар бир калыс 10 упайдан ыйгара алат. Азыр үй кесмесин эң мыкты кескен кыздар аныкталат. Бирок бүгүн катышуучулардын көпчүлүгү жогору упайды ала алышкан жок.

Таланттуу адам - бардык учурда талантын көргөзө алат. Катышуучулар экинчи этапта айтылган бул сөздү далилдешти. Анткени кээ бир кыздар үй кесмесин кесүүнү майын чыгара аткарса, кээ бири жаа атуу талабын кынтыксыз жасаган.

Адатка айлангандай Умай эне өз батасын берип, небереси менен асманга жебесин атты.


Новости по дате