http://www.ktrk.kg/Ишкерлик жүргүзүүдө айлана-чөйрөгө зыян келтирилген көрүнүштөр көп болууда

Ишкерлик жүргүзүүдө айлана-чөйрөгө зыян келтирилген көрүнүштөр көп болууда

13 Март , 9:59 310

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ишкерлик жүргүзүүдө айлана-чөйрөгө зыян келтирилген көрүнүштөр көп болууда Жергиликтүү  калк жаратылышты коргоодо экологиянын сакталышы боюнча мыйзам базадагы жетишпестиктерден улам ишкерлерге тоскоолдук көрсөтө алышпайт. Жашыл экономиканы өнүктүрүүдө белгиленген эки жагдай эриш-аркак иш алып баруу зарылдыгы “Жашыл экономика жана айлана чөйрөнү коргоо” деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндөгү талкууда айтылды. Табигат сакчылары жана ишкерлер орун алган көйгөй бар экенин билдирип, бул багытта тиешелүү иш аракеттер жүрүп жатканын маалымдашты.

Жашыл экономика түшүнүгүнүн пайда болгонуна бир катар жылдар болуп калды. Бириккен Улуттар Уюму мындан мурунку жылдары экономика менен экологияны айкалыштыруу керектиги боюнча Рио-де-Жанейродо саммит өткөргөнү белгилүү. Ошондон бери дүйнө өлкөлөрү, алардын катарында Кыргызстан дагы жаратылыш байлыктарын туура жана сарамжалуу пайдалануу аркылуу ишкерлик жүргүзүүгө маани берип келет. Деген менен талаптагыдай жумуштар жүргүзүлбөй жатканын тегерек столду уюштурган "Сноу леопард"(Snow Leopard) Американын жаратылыштагы коргоо уюмунун Кыргызстандагы координатору Кубанычбек Жумабаев айтты. Анын айтуусунда, мамлекет жашыл экономиканы өнүктүрөбүз десе ишкерлерге бул багытта жеңилдиктердин иштеп чыгышы керек.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Гүлжан  Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате