http://www.ktrk.kg/Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-сатык алакасы өсүүдө

Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-сатык алакасы өсүүдө

13 Март , 10:05 201

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-сатык алака өсүп жатат. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 681 млн долларды түзгөн. Мындай көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2-3 эсеге көп дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу “Мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү” деп аталган бизнес-форум учурунда белгилүү болду. 

Эми мындан ары да өлкөлөр аралык кызматташууну өнүктүрүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр жогору. Бул максатта Кыргызстанга Улуу Британиянын 11 компаниясынан өкүлдөр келип, 14-мартка чейин ата мекендик ишкерлер жана өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, өз ара ыңгайлуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашат.

“Маалыматтык технологиялар, билим берүү жана инфратүзүм, ошондой эле инженер жана энергетика тармактарынан баардыгы болуп 13 өкүл келип отурабыз. Алардын баардыгы болушунча көп компаниялар менен жолугушуп, биргелешип иштөө боюнча жаңы мамилени түзгөнгө даяр”,- деди Улуу Британиянын ишкерлер чөйрөсүнүн башчысы Александра Барнс. 

Новости по дате