http://www.ktrk.kg/Март айынын экинчи жарымында кандай аба ырайы күтүлөт?

Март айынын экинчи жарымында кандай аба ырайы күтүлөт?

13 Март , 11:01 623

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Март айынын экинчи он күндүгү кыргызстандыктарды жылуу аба ырайы менен кубандырат. Бул тууралуу кыргызгидрометтен "Биринчи радиого" билдирди. 

Маалыматка ылайык бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жааганы менен абанын күндүзгү температурасы 20 градуска чейин көтөрүлөт. Ал арада өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн жылышынан улам кар көчкү жана сел жүрүү коркунучтары бар экенин эскертет. Бул өзгөчө алыс жолго чыккандар үчүн маанилүү, анткени унаалар ортосундагы белгиленген атайын чек да туура сакталышы зарыл. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Айсулуу Гайбулла кызы “Биринчи Радио”


Новости по дате