http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

13 Март , 22:31 207

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды. Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүн жаңыдан баштап жаткан Орусиянын, Кытайдын, Чехиянын, Бенин өлкөсүнүн жана Италиянын элчилери менен мамлекеттердин алакасын арттырууга жасала турган кадамдар талкууланды. 

Президент ар бир элчи менен баарлашууда кызматташтыктын маанилүү багыттарына токтолуп, алдыда биргелешип аткара турган иштер арбын экенин айтты. Орус элчиси Николай Удовиченкону кабыл алууда Владимир Путиндин март айынын соңуна белгиленген мамлекеттик иш сапары, Кытайдын жаңы кызматка дайындалган дипломаты менен жолугушууда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте боло турган жыйыны, ага чейин Кытайда болчу "бир жол, бир алкак" саммитине байланыштуу сөз болду.


Новости по дате