http://www.ktrk.kg/Сотко өткөн экс-мэрлердин иши боюнча сот отуруму 20-мартта уланат

Сотко өткөн экс-мэрлердин иши боюнча сот отуруму 20-мартта уланат

13 Март , 23:25 138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму 20-мартта уланмай болду. Иш Ленин райондук сотунда каралып жатат. 

Кезектеги отурумда Кулматов өзүн айыптаган корутунду менен тааныш эмес экени айтылып, ишти кароо кийинкиге калды. 6-мартта Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип карала баштаган. Жалпысынан эки мэрдин ишине байланыштуу дагы 15 кишиге айып тагылган. 

Кубанычбек Кулматов баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган. Ал эми Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү "Күнөстүү жээк" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деген айыптар коюлган.


Новости по дате