http://www.ktrk.kg/Карганбек Самаков шарттуу түрдө камактан бошотулду

Карганбек Самаков шарттуу түрдө камактан бошотулду

13 Март , 14:33 240

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков шарттуу түрдө камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтуусунда, Карганбек Самаков жатак абагына чыкты. Өлкөдөн сыртка чыкса болбойт, болгону мекеменин көзөмөлүндө болот. Шарттуу турдө чыккандан кийин, бир жарым жылдык мөөнөтүн жатак абакта өткөрөт. 

Жаңы кодекстерге ылайык, соттолгондордун баарынын иштери кайра карап чыгууга жиберилген. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипке эркинен ажыратылган. Карганбек Самаковдун мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги камакта өтөп жаткан. Бирок, жаза мөөнөтү эки мунапыстан кийин үчтөн экиге кыскарган. Белгилей кетсек, Самаковго Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарынан 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялап алган деп айып тагылган. Бул иш боюнча экс-депутаттын уулу Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Абай Таштанбеков күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыратылып, эки мунапыс менен жаза мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарган.

Ошондой эле мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынган. Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

Новости по дате