http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда тамеки тартууга тыюу салынат

Кыргызстанда тамеки тартууга тыюу салынат

13 Март , 18:24 416

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда тамеки тартууга тыюу салынат. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнүн максаты, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстанда тамеки тартуудан жылына 6 миңге жакын адам каза болууда.

Андыктан, жарандардын жана келечек жаш муундардын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүчү бул кесепетти жоюу үчүн эл өкүлдөрүтамеки тартууга тыюу салууну сунушташууда. Бирок, соода тармагында иштегендер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, коррупцияга жол ачыларын белгилеп, мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгын айтып чыгышты. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.       

Раткан Асанова, "Биринчи радио"


Новости по дате