http://www.ktrk.kg/Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы саясатынын концепциясын бекитти

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы саясатынын концепциясын бекитти

13 Март , 23:25 229

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы саясатынын концепциясын бекитти. Бул тышкы саясат ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.


Серепчилердин айтымында, учурда тышкы саясат бир калыпта өнүгүп баратат. Буга жаш жана дымактуу элчилердин дайындалышы - жакшы мисал. 


Документте коопсуздук чөйрөсүндөгү, анын ичинде финансы-экономикалык, азык-түлүк, суу-энергетикалык, маалыматтык, экологиялык чакырыктар, ошондой эле миграция көйгөйлөрүн чечүү жолдору да деталдуу жазылган. Мамлекет кимдер менен кандай мамиле түзбөсүн, улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен аракеттенери концепциянын эң маанилүү бөлүгү. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди. 




Новости по дате