http://www.ktrk.kg/Бүргөндү айылындагы кароосуз калган нефтебаза

Бүргөндү айылындагы кароосуз калган нефтебаза

6 Июнь , 15:12 164

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Бүргөндү айылында нефтебаза бар. Азыркы убакта бул нефтебаза каралбай турат. 5-6 жыл мурун Өзбекстан иштетип турганда, айыл тургундары нефть, солярка, газ менен камсыз болуп турчу. Эми мамлекеттин карамагына өткөндөн бери каралбай калды. Ар ким өз билемдик кылып иштетип, темир-тезектерин уурдап, четинен тоноп кетишкен. Темирлерин дат басып чирип кеткен. Зым тосмолорун жулуп кетишкен. "Колдо бар алтындын баркы жок" болуп, мына минтип кароосуз абалда турат. "Кыргызгаз" өзүнүн көзөмөлүнө алса жакшы болмок. Мындай абалда калтырбайлы, көңүл буруп иштетели. Эгер иштетсек мамлекеттик бюджетке көптөгөн каражат түшмөк, -деп өз ою менен бөлүшкөн Бүргөндү айылынын тургуну "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн. 



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате