http://www.ktrk.kg/Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу

14 Март , 10:15 118

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-мартта болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал тууралуу жаңыртылган маалымат таратты. Анда айтылгандай, жагдайдан эки тараптан тең жабыр тарткандар бар. Азыркы учурда чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Учурда эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сай жана Төрт-Көчө айылдарында жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, 13-март күнү күндүз, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразычылык билдиргени себеп болгон. Кайым айтышуудан улам тажик тараптан 70тей тургун, кыргызстан тараптан 50дөй адам чыгып бири-бирине таш ыргыткан. Кыргызстандын Чек ара кызматы чырдан улам, ошол аймактагы кыргыз жаранынын үйү өрттөнгөнүн маалымдады. Ошондой эле, конфликтен бир кыргызстандык жаракат алып, ооруканада жатат.

Новости по дате