http://www.ktrk.kg/Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, сүйлөшүүлөр уланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, сүйлөшүүлөр уланууда

14 Март , 13:47 154

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Cоңку маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Окуя болгон жерге жакын жайгашкан айылдардын тургундары таркай элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. Бирок, ошол эле учурда Исфара- Ворух, Баткен-Исфана жолу жабык бойдон турат. Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев абалды турукташтыруу максатында тажик кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

Эске сала кетсек, кечээ Ак-Сай-Тамдык жолун салууга тажик тараптын Мехнатобод айылынын тургундары каршы чыккан. Эки тараптан эл чогулуп, кечки саат сегиздерде абал курчуп кеткен. Анын натыйжасында Таш-Тумшук айылындагы бир үй, бир машина жана КАМАЗдын прицеби күйүп кеткен. 

Ошондой эле Орто-Боз айылында бир сарай өрттөнгөн. Бир жаранга ок тийип, ооруканага жеткирилген. Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча курамы чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууда.

“Жараныбызга аң уулоочу мылтыктын огу тийген. Азыр ал ооруканада. Азыркы маалда абал туруктуу. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бирок жолдор ачыла элек",- деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын башчысы Кубатбек Жээнбаев. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы 13-мартта болгон абал боюнча сүйлөшүүлөр кечээ башталган, бүгүн дагы уланууда. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Ал белгилегендей, абалды турукташтыруу боюнча жергиликтүү эл менен эки өлкөнүн укук коргоо органдары биргеликте иш алып барууда. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков конфликт болгон аймакта экенин өкмөттөн билдиришти.


Новости по дате