http://www.ktrk.kg/Белгилүү композитор Насыр Давлесов көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак

Белгилүү композитор Насыр Давлесов көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак

14 Март , 11:34 220

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул  атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  гимнинин  автору, композитор жана профессор Насыр Давлесов көзү тирүү болгондо 15-март күнү 90 жашка чыкмак. 

Н. Давлесов чыгармачылыктын башатын 1944-жылы  П.Ф. Шубиндин жетекчилиги астында эл аспаптар оркестринде артист болуп иштөөдөн баштаган. 1945-1949 жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин 1949-1951 жылдары Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын студиясында, 1951-1956-жылдары аталган консерваториянын симфония дирижерлук факультетин аяктайт. Өзүнүн дирижерлук ишмердигин 1959-жылы Кыргыз Республикасынын опера жана балет театрында иштөөдөн баштайт.

Насыр Давлесовдун жетекчилигинин астында чыгармачыл топ, республикада гана эмес, Москва шаарынын, Кавказ, Крым, Украина, Молдова, Казахстан, Россия мамлекеттеринин эмгекчилерине концерттик программаларды коюшуп, элдин алкоосуна татыктуу болушкан. Ал 40 жылдай А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында дирижер, башкы дирижер кызматтарда ийгиликтүү эмгекттенип, 50гө жакын опера жана балеттик чыгармаларды жогорку көркөмдүктө койгон.

Композитордун чыгармаларынын басымдуу бөлүгү Советтер Союзунун көп шаарларында, Франция, Швеция, Дания, Румыния, Швецария, Канада, Сирия, Эфиопия жана Монголия өлкөлөрүнүн концерттик залдарында чоң ийгилик менен аткарылып, кыргыз музыкасын даназалаган. Давлесовдун жетекчилиги астында 20-дан ашуун классикалык опералар кыргыз журтчулугуна биринчи ирет тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Алсак, П.Чайковскийдин, “Евгений Онегин”, А.Даргомыжскийдин “Русалкасын”, Дж.Пуччининин “Богемасын”, П.Чайковскийдин  “Аккуу көлүн”, Л. Минкустун “Дон Кихотун”, А. Хачатуряндын “Спартагын ”, Б.Асафьевдин “Бахчисарайдагы фонтанын” ж.б. көптөгөн опера жана балеттерин койгон жана жаңылап иштеп чыккан.

Н. Давлесовдун көркөм өнөр жаатындагы, жаш адисттерди даярдоодогу эмгегин да өзгөчө белгилеп, анын нукура таалим-тарбиячы, окутуучулук шыгы, ири уюштуруучулук таланты 15 жылдан ашуун мезгил Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтун жетектеген мезгилде даана көрүндү. Композитор бардык күч кубатын жана бай тажырыйбасын окуу жайынын өнүгүшү менен окуу- тарбия иштеринин сапатын жогорулатууга жумшады.

Давлесовдун чыгармачыл эмгегинин алдынкы орчундуулары вокалдык чыгармалары, вокалдык хорлору, вокалдык-симфониялык чыгармалары болуп эсептелет. Алардын ичинен 200дөн ашыгы ырлары, романстары, хорлору, кантаталары, “Аста секин колукту” музыкалык комедиясы, “Курманбек” операсы ж.б. көптөгөндөр.

“Аста секин колукту” музыкалык комедиясы өзүнүн саны жана сапаты боюнча дээрлик 26 жылдан ашуун сахнадан түшпөй келет.

“Курманбек ”операсы 1991-жылы сахнага коюлуп, республикабыздын музыкалык коомчулугунда жогорку деңгээлде курч актуалдуулукка жетишти жана кыргыз музыкасынын алтын казынасына кирип, көркөм өнөрдүн өлбөс- өчпөс үлгүсү болуп калды. Композитордун көптөгөн чыгармалары кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталууда.

Профессор Насыр Давлесовдон окуп-тарбияланып чыккан көптөгөн музыкалык адистер: СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, профессорлор, мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары, орден, медалдардын ээлери болуп республиканын бардык аймакттарында эмгектенүүдө. Композитордун чебер калеминен жаралган жалпы орто мектептерге арналган музыка сабагы боюнча окуу китептери педагогикалык эң жогорку баага татыган.

1968 - 1971- жылга чейин В. Маяковский атындагы кыргыз кыз келиндер педогогикалык институтунда музыка жана ыр боюнча доцент, кафедранын башчысы болуп кызмат өтөгөн.

1971-1983-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин ректору болуп эмгектенген. Насыр давлесов Кыргыз Республикасынын  Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири. Республикадагы жалпы билим берүучү мектептердин 1-4-класстарынын "Ырдоо", "Музыка" окуу китебин жазган. 1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысмы берилген.

Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты(1978), "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу, I, III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер(1967), Кыргыз ССР Эл артисти(1974). Насыр Давлесов 2011 –жылы 13 - июнда каза болуп, “Ала – Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Новости по дате