http://www.ktrk.kg/Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланды

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланды

14 Март , 11:42 207

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификациялады. Тийиштүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-февралында кабыл алынган. Аталган Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет. 

Кыргызстан Конвенцияга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын ишинин алкагында, 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган. Конвенцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды аткарат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Новости по дате