http://www.ktrk.kg/Тоң районунда кыймылсыз мүлк каттоого алынып санариптештирилди

Тоң районунда кыймылсыз мүлк каттоого алынып санариптештирилди

14 Март , 13:49 294

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районундагы бардык кыймылсыз мүлк каттоого алынып санариптештирилди. Белгилей кетсек, буга чейин жүргүзүлүп келген иштердин архивдик материалдары жок болуп, адистер бир катар кыйынчылыктарга дуушар болчу. Азыр отуз сегиз миңден ашык документтердин бардыгы электрондук форматка өтүп, адистер аны кайсыл жерден болсо да ачып көрө алат. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, мына ушул элдин кыймылсыз мүлкүн электрондук форматка өткөргөн мамлекеттик каттоо кызматына быйыл жыйырма жыл толду.

"Бизде бүгүнкү күндө отуз сегиз миңден ашык кыймылсыз каттоодо турса, алардын баары толугу менен санариптештирилди. Электрондук базасы түзүлгөн. Ал гана эмес бизде даректүү каттоо деп коет ал да түзүлгөн. Алардын ар бирине идентификациалык кодтор берилген. Биздеги маалыматты Кыргызстандын ар кайсы булуң бурчунан алсаң болот. Биз дагы ушул жерден эле Баткендикин алсак болот. Муну менен биз калкка сапаттуу тейлөөнү жакшыртып атабыз",- деп билдирди Тоң райондук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Нурбек Алиев. 

Новости по дате