http://www.ktrk.kg/УКМК: террордук уюмдун мүчөсү болгон кыргыз жараны кармалды

УКМК: террордук уюмдун мүчөсү болгон кыргыз жараны кармалды

14 Март , 13:22 198

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эл аралык террордук уюмга жалданып, Сириядагы куралдуу жаңжалдарга активдүү катышып келген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, кармалган жаран Ош облусунун тургуну, буга чейин издөөдө жүргөн. 

Ал 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, террордук уюмдун эмиссарларынын көзөмөлүнө түшкөн. Ошондон кийин Сирия өкмөтүнө каршы «жихадга» катышуу максатында Түркияга, андан кийин Сирияга кеткен. Бул факт боюнча учурунда Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (“Жалданмачылык”) боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Новости по дате