http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Санарип тартпаган жерлерге адистер кандай көмөк көрсөтүүдө?

Элдик репортер: Санарип тартпаган жерлерге адистер кандай көмөк көрсөтүүдө?

14 Март , 14:02 61

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Элдик репортер” рубрикасы ачылгандан бери биз менен тыгыз иш алып барып, ал тургай жеринде тартылган сүрөт, видео отчеттерду жиберип тургандардын бири “Тазалык” ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жибек Каракеева болсо, экинчиси  санарип сигналын таркатканга жооптуу  РПО РМТР  мекемесинин адистери.

Акыркы убакта аймактардагы санарип маселеси курч болгондуктан, аталган мекеменин адистери жигердүү иш алып барып, коомчулукка түшүндүрмө иштерин жүргүзүүдө. 

Адистер барып текшергенде санариптен кыйналгандардын көпчүлүгү ресиверди  туура эмес колдонуп же антеннаны башка багытка буруп алгандар болгон. Бул жолу дагы бизге келген кайрылуунун негизинде барып, себебин билип беришкен.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате