http://www.ktrk.kg/Ак-Сай - Рават айланма жолу убактылуу каттамга берилди

Ак-Сай - Рават айланма жолу убактылуу каттамга берилди

14 Март , 22:47 107

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткендеги чек арага жакын аймактагы пикир келишпестиктен улам Ак-Сай - Рават айланма жолу убактылуу каттамга берилди. Бүгүнкү күндөн баштап Тажикстанга көз карандысыз жолдон унаалар каттоодо. Ак-Сай - Рават айланма жолунун узундугу 25 чакырымды түзүп, курулуш иштери жүрүп жаткан.  2 күндөн бери Лейлек району жана Сүлүктү шаарынан каттаган тургундардын облус борборуна каттамы жабылып калган.

Ак-Сай-Рават айланма жолунун жалпы сметалык баасы 400 млн сомду түзүп, курулуш иштери жүрүп жаткан. Чек арадагы кырдаалга байланыштуу толук бүтпөсө да убактылуу пайдаланууга берилди. Бирок бардык эле унаалар бул жолдон каттай албайт.

Лейлек районунун тургундары Баткен-Исфана жолунун “Жеке өрүк” участкасын тажик жарандары тосуп алгандан улам ушул жолдон каттоого аргасыз болушууда. Жол толук бүткөрүлбөгөндүгүнөн улам унаалары чыга албай орто жолдо калгандары да бар. Азыркы учурда Баткен жана Лейлек райондорун байланыштырган негизги жол болгондуктан эртерээк пайдаланууга берилсе дешет.

Облус башчысы бул жол буга чейин альтернативдүү эле болуп тургандыктан кыш айларында кароосуз калганын билдирди. Чек арадагы курч жагдайдан улам эң негизги маанидеги көз карандысыз каттамга айланды. Жолдун абалына эми чындап көңүл бурулганы калды.

Аксай айылынын тургундары Ак-Сай-Рават жолун тез арада толук бүткөрүүнү талап кылышууда. Антпесе, Баткен районунун Самаркандек, Актатыр айыл өкмөттөрү жана Лейлек району, Сүлүктү шаары анклавда калуу коркунучу жогору дешет. 



Новости по дате