http://www.ktrk.kg/ЖЭБги авария боюча соттук териштирүү улантылууда

ЖЭБги авария боюча соттук териштирүү улантылууда

14 Март , 22:55 291

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыр Бишкек жылуулук электр борборунда келип чыккан аварияга байланыштуу сот отуруму уланды. Бул жолку жараянда кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөсүн алуу өтүнүчү келтирилип, бирок сот айыпталуучулар суракка алынгандан кийин жарыш сөз алдында суралат деп жарыялады.

Айыпталгандар катарын “Энергохолдингди” мурун жетектеген Айбек Калиев жана анын орун басары, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку директору Узак Кыдырбаев жана орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов, ТЕЦтин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу менен башкы инженер түзөт. Аларга бир нече беренелер боюнча айып тагылган.

Бул ирет башкы инженер Нургазы Курманбеков көрсөтмө берди. Ал кырсыктын келип чыгышына эмгек жамаат күнөөлүү эместигин айтып, айрым учурда катуу суукта от жагып иштөөгө туура келчү деп билдирди. Курманбеков өз көрсөтмөсүндө химиялык цехте ар дайым маселе болгонун, ЖЭБ келтирилген жүктү көтөрө албай, кубаттуулугун азайтуу тууралуу кат жөнөтүлгөнүн айтты. Ошондой эле, башкы инженер авария күнү убакыт 17:44тө 7 от казан ишин токтотуп, калган 2 от казанга күч келгенин, акыры суу азайып, авариянын кесепетин жоюуда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берди. Отурумунда жактоочу өтүнүч келтирип, адвокат канааттандырган жок.

ЖЭБдеги кырдаал боюнча жалпысынан беш кылмыш иши козголгон. Өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу сот болсо 2018-жылдын октябрь айынан бери уланууда. Тендер маселеси боюнча 4 киши камалган. Эң орчундуусу болуп эсептелген ЖЭБдеги коррупцияга айыпталган мурунку эки өкмөт башчы баш болгон 8 аткаминердин иши дагы сотко өткөн. 




Новости по дате