http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Талас шаарынын көчөлөрү чаңга оролуп жатат

Элдик репортер: Талас шаарынын көчөлөрү чаңга оролуп жатат

15 Март , 10:49 130

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас шаарынын негизги Манас көчөсү учурда чаңга оролуп, тамтыгы чыгып жатат. Совет убагынан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлбөгөн бул көчөнүн тротуары дагы жок. 

Базарга алып барчу жол болгондуктан керелден кечке унаалардын агымы да үзүлбөйт. Жөө каттагандар үчүн аябай эле кооптуу. Талас шаарына канча жетекчи келип кетти, бирок ушул көчөнүн багын ача албай коюшту. Жок дегенде түздөтүп, тротуарды ачып беришсе деген кайрылуусун жөнөткөн Талас шаарынын тургуну. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18


Новости по дате