http://www.ktrk.kg/Органикалык айыл чарбага өтүү

Органикалык айыл чарбага өтүү

15 Март , 13:33 202

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүсү керек. Өлкөдөгү өстүрүлгөн өнүмдөрдүн сапатын жакшыртуу аркылуу эл аралык рынокко экологиялык жактан таза деген бренд менен чыгууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өткөн органикалык айыл чарбанын азыркы абалы менен келечегине арналган конференцияда айтылган болчу. Депутаттар учурда атамекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн айыл-чарба продукцияларын сатуу көйгөйүнө кабылып, чет өлкөлүк импорттоочуларга атаандаша албай жаткандыгын белгилешет.

Адистердин айтымында, дүйнөдө органикалык айыл-чарбасына бөлүнгөн жерлердин аянты кеӊейип, экологиялык таза азыктарга карата суроо-талап жогорулаган. Аларды сатуунун дүйнөлүк рыногу жылына 90 млрд долларга өскөн.

Жарандар күнүмдүк жашоодо ар дайым колдонуп жатышкан мөмө-жемиштер кандай жолдор менен өстүрүлөт деген суроого кызыгып көрүштү бекен? Сиз сергек жашоо дал ошол химикат кошулмалары жок экологиялык таза азыктардан башталаарын билесизби? Көпчүлүк Кыргызстандыктар айыл-чарба продукцияларын сатып алууда буга көңүл бөлүшөбү?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.     

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате