http://www.ktrk.kg/Бишкектин батыш тарабында өрт чыкты

Бишкектин батыш тарабында өрт чыкты

15 Март , 14:45 469

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин батыш тарабында чыккан өрт чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсыкты толук өчүрүү иштери уланууда. Тилсиз жоо баш калаанын батышындагы Архангелск көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен 1 турак жайдын бөлүгү, эки турак үйдүн чатыры, бир оор жүк ташыган унаа жана бир контейнер күйгөн. Өрт өчүрүүгө 4 техника тартылган. Жеринде тез жардам кызматынын бригадасы да иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 15-мартта өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 12:07де түшкөн. Кырсыктан жаракат алгандар жок. Кырсыктын себептери иликтенет.

Новости по дате