http://www.ktrk.kg/Террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Террордук уюмдун мүчөсү кармалды

15 Март , 13:53 211

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Мындай маалыматты УКМКдан билдирди. Кармалган адам кыргыз жараны. Ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу террордук эмиссарлардын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн. 

Уюмдун башчыларына ант берип, Сириядагы террордук түзүлүштөргө кошулуу максатында «жихадга» катышкан. Ал жакта жалданма топтун катарында болгон. Кармалган жаранга кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Новости по дате