http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Тыгындын айынан жол эрежесин бузган айдоочулар

Элдик репортер: Тыгындын айынан жол эрежесин бузган айдоочулар

15 Март , 13:57 161

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарына "Коопсуз шаар" долбоорун киргизерден мурун, өкмөт жолдун шарттарын караштырып берсе болмок. Мисалга Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде күнүгө тыгын. Айдоочулар айрым учурларда жол эрежесин бузганга да мажбур болуп жатышат. Эртең ушул жерге камера коюлса, эмне болот? Мындай нааразычылыгын ушул кесилиште 1 саатка жакын жыла албай тыгында калган айдоочу жөнөткөн. 

Чынында эле Некрасов Лев Толстой көчөлөрүндөгү тыгын жаңылык эмес. Бул жерде күнүгө тыгын катталат. Анткени маал-маалы менен поезд өткөн учурда жол жабылып, унаалардын аягы тээ чакырымга созулуп кетет. Ушундай жагдайларда "Коопсуз шаар" доолбору кандай иш алып барат?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18




Новости по дате