http://www.ktrk.kg/Бишкек менен Ошто Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлө баштады

Бишкек менен Ошто Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлө баштады

15 Март , 14:24 243

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек менен Ош шаарларында Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Көк бөрү боюнча тандоо оюндары 15-21-март күндөрү өтөт. Бишкекте Жогорку лигада 6 команда ойнойт, ал эми Биринчи лигада беттеше турган командалардын саны азырынча белгисиз. Ошто Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынан чогулган улакчылар кездешет. 21-март күнү эки шаарда тең көк бөрүнүн финалдык оюну, ошондой эле эр эңиш менен ат чабыш өтөт. Ат оюндарынын байге фондусу Бишкекте 1 миллион 450 миң сом, ал эми Ошто 400 миң сомду түзөт. Алгачкы оюндар бүгүн саат ондо башталды.

Новости по дате