http://www.ktrk.kg/Кыргызстанга Түштүк Кореядан келген туристтердин саны өсүүдө

Кыргызстанга Түштүк Кореядан келген туристтердин саны өсүүдө

7 Июнь , 12:14 366

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түштүк Кореядан келген туристтердин саны көбөйүүдө. Былтыр өлкөгө Түштүк Кореядан 14 миң беш жүз турист келген. Бул көрсөткүч быйыл андан дагы көбүрөөк болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Түштүк Корея Кыргызстан үчүн туристтик рынок катары эсептелген негизги өлкөлөрдүн катарында келе жатат. 

Белгилей кетсек, 6-июнда аталган өлкөдө Seoul International Industry Fair 2019 туристтик жарманкеси башталды. Ага Кыргызстандан барган үч туристтик компания катышып жатат. Бул ишканаларга өкмөт "Туризмди өнүктүрүү - 2019-2023" программасынын алкагында колдоо көрсөттү. 

1986-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Seoul International Industry Fair 2019 жарманкесинин негизги максаты — туризм жаатындагы акыркы тенденциялар боюнча пикир алмашууга шарт түзүп берүү. Ага жыл сайын 60 өлкөдөн келген 1 миллионго чукул адам катышат.


Новости по дате