http://www.ktrk.kg/Баткендин Тажикстанга чектеш чек арасындагы кырдаал дээрлик туруктуу

Баткендин Тажикстанга чектеш чек арасындагы кырдаал дээрлик туруктуу

15 Март , 22:16 115

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткендин Тажикстанга чектеш чек арасындагы кырдаал дээрлик туруктуу. Бүгүн эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Тараптар чек араны тактоо аракеттерин баштоодон мурда, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилешти. Жергиликтүү эл менен Жогорку Кеңештин депутаттары да жолугушту.

Чек ара маселеси көп жылдардан бери чечилбеген талуу маселе. Аны саналуу күндө сүйлөшө калып, алеки саатта чечүүгө мүмкүн эмес. Учурда көйгөйдү чечүү аракетин баштаардан мурда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Азыр жагдай жакшы деп мактагыдай эмес. Бирок эң башкысы жаалданып албууттанган маанай жок. Анткен менен пикир келишпестиктен улам бир нече адам жарадар болуп, бир жаран каза тапты. "Бул маселе тыкыр иликтөөгө алынышы керек", - дейт Жеңиш Разаков.

Азыр талаш аймакта топтошкон эл жок. Анткен менен жол дагы эле жабык. Ал эми Ички иштер министри баш болгон милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Ошондой эле, Кашкар Жунушалиев Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жашоочулар бул талаптарды эл өкүлдөрүнө да угузду. Өз кезегинде депутаттар чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетип беребиз, - деп убада беришти.
Өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөр дагы уланат. Ал эми эл Баткенден Лейлекке жана Лейтектен Баткенге Көк-Таш - Ай-Сай - Рават жолу менен каттай берсе болот. Бул каттам жүк ташуучу автоунаалардан башкаларга ачык.


Новости по дате