http://www.ktrk.kg/Элчилик кызматка татыктуу кадрларларды дайындоо мезгилдин талабы

Элчилик кызматка татыктуу кадрларларды дайындоо мезгилдин талабы

15 Март , 22:43 185

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


Элчилик кызматка татыктуу кадрлар дайындалышы керек. Мамлекет башчысы тарабынан коюлган талаптарды эл аралык маселелер боюнча адистер талдап, сунуштарын айтууда. Көпчүлүктүн баамында Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери дипломатия чөйрөсүнөн алыстар да элчи кызматын аркалап, натыйжа байкалган эмес. Ал тургай, өлкөнү уятка калтырган учурларын эске салышууда.

Дипломатиянын көйгөйлөрү жана кадр тандоодогу өксүктөр элчилер менен өткөрүлгөн кеңешмеде да белгиленди. Кесипкөйлүккө маани берилбеген көрүнүштөр мындан ары болбошу керек. Тышкы саясатты ырааттуу жүргүзүүдө ар бир дипломаттан чеберчилик талап кылынат.

Ардактуу кесип катары саналган элчилик кызматты көксөгөндөр саясий чөйрөдө да, дипломат адистердин арасында да аз эмес. Бирок аны аркалай турган адам чет өлкөдө иш алып барууну эс алууга алмаштырбашы керек. Эл аралык мамилелер боюнча адистер мамлекет башчысы тарабынан айтылган маселелерди талдап, айрым ишмерлер элчилик кызматтын баркын кетиришкенин белгилешет. 
Элчи кызматына дипломатиядан алыс эмес адамдарды дайындоо талабы бекеринен айтылып жаткан жок. Чет мамлекетке жөнөтүлгөн ардактуу кызматтын ээси өлкөнүн жүзү катары таанылат. Талдоочулар элчи ар бир кадамды аярлап жасашы керек экенин эскертишет. Эл аралык мамиледеги татаал маселелерди чечүүдөн тартып, жөнөкөй жолугушууларга чейин кыраакылык талап кылынат. 
Мындан ары элчилердин ишине ар жыл сайын баа берилип турат. Жыйынтык көргөзө албаган дипломат кызматтан кетет же эскертүү алат. Элчилерге инвестиция тартуу, алыстагы мекендештердин кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоо тапшырмасы берилди.

Элчилердин ишин баалоонун критерийлери да иштелип чыгууда. Чет өлкөлөрдөгү өкүлдөр тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык иш алып барып, эл аралык мамилени улуттук кызыкчылыкка ылайык бекемдеши керек.

Новости по дате