http://www.ktrk.kg/“Кырк кыз” кароо-сынагы жыйынтыкталды

“Кырк кыз” кароо-сынагы жыйынтыкталды

15 Март , 23:23 136

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын булун бурчунан тандалган “Кырк кыз” кароо-сынагы жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган иш-чарада жеңишти кайсы райондун кызы багындырды?Келечекте мыкты журналист болууну кыялданган Нурайым Идирисова Баткен районунун намысын коргоп катышууда. Утсам жеңишим элимдики болот деп үмүтүн үзбөй сабырдуулук менен акыркы мүнөттөргө чейин күрөштү.

Улуттук долбоорго катышкан жаш селкилердин баары жеңүүчү. Бирок ошентсе да кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү улуттук баалуулуктарын, мыкты сапаттарын көрсөтүү негизги максаты болгон “Кырк кыз” сынагында өзгөчөлөнгөндөрү жеңишке жетишти. Аламүдүн районунун намысын коргоп катышкан Айдана Керимкулова баш байгени багындырды. Ал эми экинчи орунду мал киндиктүү теңир Тоонун Ак-Талаа районунун кызы Нурия Жаныбек кызы багындырды.

“Эжени көрүп сиңди өсөт”- деп, жердеш сиңдисине өзүнүн кесипкөйлүгү, татына нукура жүзү менен кыргыз элине таанымал болгон белгилүү тележурналист,тажрыйбалуу педагог Ширин Жумагулова үлгү болуп, үйрөтүп таптаган.

Ааламдашуу заманында улуттун каада-салттын сактап калуу эң кыйын. Катышуучулар учурдун талабы болгон ушул долбоордон көп тажрыйба топтоп,кыргыз кыздары кандай сапаттарга ээ болуш керектигин үйрөнүшкөн. Кымча бел кырк перини Кыргызстандын мыкты тикмечи дизайнерлери жасалгалашкан. Аларга мыкты образдарды берип, көркүнө көрк кошушту.

Катышып жаткан кыздардын баары келишимдүү, чырайы жанган селкилер. Алардын нукура келбеттүүлүгү менен катар сынакта жатык тили, жөндөмдүүлүгү жана өнөрү да бааланууда. Кыз- адеби, кыялы, ички жан дүйнөсү жана нукуралуулугу менен сулуу. Мындай сапаттардын ээсин таап, кыргыз кыздарынын сулуулугун, бийиктигин, кыздардын жылдызы болгон жөнөкөйлүгүн даңазалоо “Кырк кыз” сынагынын максаты болчу, -дейт уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, улуттук долбоорго Кыргызстандын 40 районунан 17 жаштан 25 жашка чейинки каада-салттан кабары бар, турмуш-тирчиликке тың, билимдүү жана коомдук иштерден артта калбаган кырк кыз катышып, алардын мыктылары тандалып алынды.

Новости по дате