http://www.ktrk.kg/Нарындагы жапайы канаттууларга кам көрүү

Нарындагы жапайы канаттууларга кам көрүү

15 Март , 22:39 178

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарында жапайы канаттууларга жем берилди. Аңчылык департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгү бийик тоону байырлаган кыргоол, кекилик жана чилге жем чачышты. Жапайы канаттууларды коргоодогу мындай алгылыктуу иштер жыл сайын жүргүзүлүп, алардын санынын өсүшүнө чоң өбөлгө болоору маалым.

Кыргоол, Чил жана Кекилик жөн жерге байырлай бербейт. Бирок бул егерлер алардын жатагынан бери билим калышкан. Азыр алар канаттууларга жем чачуу үчүн камданып, бийик тоолуу аймактардан баштоону чечишти.

Түйшүктүү жумуштун башталышы мына ушундай. Башында зымырап унаа менен жүрүп, андан соң ат менен бастырып, аягында жөө жөнөгөнгө туура келет. Эң негизги максаттардын бири жапайы канаттууларды жем менен камсыз кылуу.

Кекиликтер үйүр болуп чогуу жүрүшөт. Аларга тоо этектериндеги бадалдын түптөрүнө жемден таштап коюшат. Бир жылда бир тоннадан ашык жем чачылып, жаз айында канаттууларга санак жүргүзүлөт.

Аңчылык департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгү мындай иштерди дайым жүргүзөт. Жаз айы менен аска-зоолордун түбүнө барып, элик, текелерге туз да себишет. Кыскасы жаныбарларды коргоодо алгылыктуу жумуштарды жасап, жаратылышка аяр мамиле жасоону калкка жеткирүү да иштери бар.

Бирок бары тең эле жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасай бербейт. Тоодо тынч жаткан жандыктарды атып, суук колун салып жибергендер да четинен чыгат. Мисалга Оттук айылынын четиндеги сарайда жашагандар эле күн алыстан келип, аңчылык кылып жаткандар бар экенин айтып өтүштү.

Мыйзамсыз аңчылык кылып кармалган жаранга азыркы жаңы кодексте көрсөтүлгөндөй айыптар жогорулаган. Алып айтсак, кайсы жаныбар болбосун укук бузууга барганы үчүн 12 жарым миң сом салынып, андан тышкары мисалы: кекилик атса башына 2 миң сомдон айып салынат. Ал эми зыяны он миң сомдон ашып кетсе ага кылмыш иши козголот.


Новости по дате