http://www.ktrk.kg/КТРК - БУУ: эки тараптуу меморандумга кол коюлду

КТРК - БУУ: эки тараптуу меморандумга кол коюлду

15 Март , 23:34 214

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

БУУнун өз ара кызматташуу системасына ылайык, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ортосундагы меморандумга кол коюлду. Аталган документ Конституцияга ылайык, тараптардын гендердик теңчилик идеясын алдыга жылдыруу боюнча принциптердин негизинде, аялдардын жана кыздардын, жаш балдардын жана жалпы эле жарандардын укугун коргоого багытталган. Эки тараптуу келишимдин негизинде Коомдук каналда аналитикалык жана билим берүү темасындагы программалар даярдалат.

“БУУ КТРК менен биринчи жолу ушундай келишим түзүп жатабыз. Коомдук канал өлкөдөгү калктын 99 пайызын камсыздайт. Ошондуктан маалыматты жалпы элге жеткирүү максатында ушундай келишим түзүүнү чечтик. Анткени, зордук-зомбулукка каршы мыйзамдуу аракеттер тууралуу элге зарыл болгон маалыматтарды жеткирүү максатын көздөйбүз",- деп билдирди БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело.  

Новости по дате