http://www.ktrk.kg/Ала-Букадагы пайдаланылбай калган айдоо жерлер кайрадан дыйканчылык талаасына айланууда

Ала-Букадагы пайдаланылбай калган айдоо жерлер кайрадан дыйканчылык талаасына айланууда

15 Март , 23:05 175

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Союз жылдары кайрак жер катары айдалып, кийин пайдаланылбай калган Ала-Бука районундагы Орток-Бел массиви кайрадан дыйканчылык талаасына айланып баштады. Быйыл жеригиликтүү дыйкандар какырап турган кайрак талаанын 800 гектардан ашуун жерине сафлор өсүмдүгүн эккени турушат. Азыркы учурда жер айдоо иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

Бакыт Рысымбетов пайдаланылбай туруп калган Орток-Бел массивинен өткөн жылы 300 гектар аянтты ижарага алып, ошол эле жылы 200 гектарына сафлор өсүмдүгүн эгип, андан жакшы киреше алган. Быйыл эми 300 гектар аянтын толук иштетүү аракетин көрүп, жерин даярдоо менен алек. Айдоо иштери бүтсө эле сафлор себилет.

Өрүктүү айыл аймагына караган Орток-Бел массивинин аянты 1 миң 700 гектардан ашат. Кайрак талаа жыл сайын четинен өздөштүрүлүп, сафлор жана башка кылкандуу дан эгини эгилүүдө. Быйыл массивдин 836 гектар аянтында дыйканчылык болот.

Орток-Бел массивин сугат талаасына айландыруу аракети көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Суу тартуу боюнча долбоор да даярдалып, бирок чоң каражатты талап кылгандыктан ишке ашпай жатыптыр. Эгер ал долбоор колго алына турган болсо Орток-Бел массиви эле эмес, коңшу 1-Май айыл аймагынын кайрак жерлерине суу жетип, миңдеген гектар аянт сугат талаасы болуп калмак. Даярдалган долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллиард сомдон ашуун каражат керек.

Ала-Бука району боюнча 19 миң 500 гектар дыйканчылык талаа болсо, анын 14 миң аянты сугат. Калганы жери суу жетпеген кайрак талаа. Азыркы тапта район аймагында жазгы талаа иштери эми гана башталды. 



Новости по дате