http://www.ktrk.kg/Патрулдук милицияга талапкерлер кандай сынактардан өтүшү керек?

Патрулдук милицияга талапкерлер кандай сынактардан өтүшү керек?

7 Июнь , 21:53 245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы түзүлө турган патрулдук милиция кызматына сынакка кабыл алуу аяктады. Бир ай ичинде ага миңден ашык адам документтерин берип, катышкандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле жөнөкөй жарандар да бар. Жаңы кызматка кирүү үчүн эми талапкерлер дагы кандай сынактардан өтүшү керек?

Патрулдук милиция башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу бир айга созулду. Жөнөкөй жарандардан, ошондой эле укук коргоо кызматкерлеринен да өтпөй калгандар болду. Ал эми сынактан өтүп, кийинки бөлүккө жолдомо алгандардын саны 1200 кишини түздү. Алардын жарымы жөнөкөй жарандар.

Жаңы кабыл алынган патрулдук милициянын кызматкерлери Бишкектин 200дөн ашык тилкелеринде кызмат өтөшмөкчү. Алардын тапшырмасы- өз укук милдеттери так аткарып, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу.

Жаңы кызмат ушул күздөн тарта иштей баштамакчы. 800дөн ашык кызматкер бир гана жол эрежесин көзөмөлдөбөстөн, коомдук коопсуздукка да жоопкер болушат. Айтмакчы патрулдук милициянын курамында дагы бир катар жаңылануулар орун алмакчы.

Мындан сырткары азыркы учурда коррупцияга каршы иш аракеттерге жана кызматкерлерге берилүүчү сый акы маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.

Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматын реформалоо боюнча буга чейин көп суроолор көтөрүлгөн. Ал эми 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жумушчу топ түзүлүп, эксперттер жол кырсыктарын азайтуу жана жол кайгуул кызматкерлеринин ишин натыйжалуу кылуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышкан. Алардын арасында патрулдук милиция кызматын түзүү демилгеси негизгилерден болгон. 



Новости по дате