http://www.ktrk.kg/ШКУ саммити учурунда Жол коопсуздугун камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат

ШКУ саммити учурунда Жол коопсуздугун камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат

10 Июнь , 17:09 285

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте өтө турчу ШКУ саммити учурунда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коопсуздукту камсыздоо үчүн 1000ге жакын кызматкер тартылат. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди. 

"Делегациялар өтө турган көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда иш-чара өтө турчу имараттардын жанында 12 эвакуатор иштейт. Уруксат берилбеген жерге токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат", — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ ошондой эле айдоочуларга кайрылып, каршы тилкеге чыгып, жол тыгындарын жаратпоого жана башкаларга тоскоолдук кылбоого чакырат. Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Новости по дате