http://www.ktrk.kg/Токтогул: курулуп жаткан көпүрө аягына чыкпай турат

Токтогул: курулуп жаткан көпүрө аягына чыкпай турат

11 Июнь , 13:03 251

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул районуна караштуу Кызыл-Уран айылында көпүрө курулуп жатканын 3 ай болуп калды. Өйдө жактан сел келсе ушул жолдун асты менен өтө тургандай кылып курулуп жаткан. Бирок белгисиз себептерден курулуш иштери токтоп турат. Азыркы учурда жолго өтө кооптуу учур жаратып жатканына наарызы болгон автор, видеосу менен бөлүшкөн.

Бул курулуш салынып жатканына айыл тургундары кубанып жатышкан. Бирок курулуш иштери токтоп калгандан кийин видеодо көруп тургандай ары жагы жана жолдун так ортосу көчүп жатат. Бул чоң трасса болгондукдан, мындан ары үч айылга дал ушул жол менен кетишет. Оор жүк ташыган унаалар да каттайт. Эгер жүк ташыган унаалар оор жүк ташып өтсө, бул жер көчүп кетет. Айыл тургундары да ушул арыктан суу ичишет. Бул жер көчүп кетсе бүт айыл суусуз калат. Ушул курулушту аягына чыгарып коюшса болмок. Жөн эле бөлүнгөн каражат текке кетип жатат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате