http://www.ktrk.kg/Ак-Муз: гараж маселеси качан чечилет?

Ак-Муз: гараж маселеси качан чечилет?

11 Июнь , 14:20 196

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургундарынан жана Ак-Муз келечек коомдук бирикмесинин атынан билдирүү келип түшкөн. 2016-жылы Ак-Муз айылынын жергиликтүү бийликтери тарабынан жаңы гараж куруу үчүн каражат бөлүп берилген. Бирок азыркы учурга чейин мыйзамдуу түрдө ишке аша элек. 

Союз учурунда бул гараж айыл өкмөтүнө карачу. Гаражты салуу үчүн 800 миңге жакын каражат каралып, 2016-жылы куруу иштери башталган. Бирок мыйзамдуу түрдө проектиси, документти жок салынган. Талапка жооп бербейт. Мына минтип азыркыга чейин толук бүтпөй турат. Нарын прокуратурасына, Финпол келип текшерип кетишкен. Алардан жыйынтык жок. Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн суранат элек, бул маселени мыйзамдуу түрдө чечип беришин өтүнөбүз, -деген автор, видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате