http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад: электр зымдарынын коопсуздугу эске алынган эмес

Жалал-Абад: электр зымдарынын коопсуздугу эске алынган эмес

11 Июнь , 16:09 268

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын Жаз-Кечүү айылындагы Мусуралиев Казыбек көчөсүндө электр зымдары кооптуу абалда турат. 

Бул электр түркүгүнүн жанында жаңгак бак бар, шамалдан бутагы сынып жанаша турган электр зымдары бири-бирине тийгени калды. Дагы бир жолу катуу шамал болсо өрт чыгып кетиши мүмкүн. Жанында эле үйлөр жайгашкан. Мындан бир ай мурун электр тармагына кайрылганбыз. Келебиз дешкен, бирок келишкен жок,- деп №22 үйдүн тургуну "Элдик репортерго" кайрылган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате