http://www.ktrk.kg/Өзгөрүш айылындагы көпүрөнүн курулуш иштери качан бүтөт?

Өзгөрүш айылындагы көпүрөнүн курулуш иштери качан бүтөт?

12 Июнь , 14:17 139

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Лейлек районунун Өзгөрүш айылында көпүрөнүн курулуш иштери 1 жылдан бери бүтпөй жатат. 

Былтыр дал ушул жылы бүтүш керек эле. Мына мынтип ошол бойдон турат. Жакында эле келип кичине иштемиш болуп, кайрадан ишти токтотуп кетип калышкан. Азыр абдан кооптуу болуп турат. Унаалар араң өтөт. Суу күндөн-күнгө көп келип көпүрөнүн астын алып кетип жатат. Эртерээк бул ишти бүтүрүп беришсе жакшы болмок,- деген автор видеосу менен бөлүшкөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате