http://www.ktrk.kg/Мал ичкен сууну пайдаланган Кыр-Жол айылы

Мал ичкен сууну пайдаланган Кыр-Жол айылы

12 Июнь , 15:14 190

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад обулусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылында таза суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келет. Жергиликтүү тургундар ылай аралашкан сууну тундуруп ичкенге аргасыз. Мындан улам бул айылда оору-сыркоо көп болууда. Видеодон көргөндөй, бул суудан бир эле учурда малдар анан тургундар ичишет. 

8 ай мурун айыл өкмөттөн келип, суу чыгарабыз деп текшерип кетишкен. Бирок эч кандай аракет көрүлгөн жок. Ылай сууну тундуруп ичип келебиз. Суудан ар кандай жаман нерселер агып келет. Айыл өкмөтү, акимден суранат элек, элдин көйгөйүн угуп, таза суу маселесин чечип берсеңиздер.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.






Новости по дате