http://www.ktrk.kg/Жол кыймылына тоскоолдук жараткан соодагерлер

Жол кыймылына тоскоолдук жараткан соодагерлер

12 Июнь , 15:37 324

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын борбордук базарындагы башаламандык тартипке салынбай келет. Соодаргерлер бир эле базардын ичинен соода кылбастан, унаа жолдорунун ортосуна чейин чыгып алышат. Мындан улам унаалар өтө албай, бир нече саатка созулган тыгын пайда болот. 

Бул жолго чейин чыгып алгандар, жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатат. Базарда тартип көзөмөлгө алынган эмес, ошон үчүн соодагерлер өз билемдик кылып жатышат, -деген автор видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате