http://www.ktrk.kg/Ынтымактын тургундары ылай сууну ичүүгө аргасыз

Ынтымактын тургундары ылай сууну ичүүгө аргасыз

14 Июнь , 12:08 280

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына аймактардан суу маселеси боюнча көп билдирүүлөр келип түшүүдө. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ынтымак айылынын тургуну дал ушул суу маселеси боюнча кайрылган. Видеодон көргөндөй, сууну ичүүгө мүмкүн эмес. Бирок тургундар аргасыздан бул сууну ичип жан багып келишет. Бул айылда жол маселеси да курч бойдон калууда. Тийиштүү органдардан жана бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурап, рубрикага билдирүү калтырган.

Бул айылда таза суу маселеси чечилбей келет. Мына минтип кир сууну ичип жашап келебиз. Кабар алган эч ким жок. Ар кандай оорулар да чыгып жатат, суунун кесепетинен.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате