http://www.ktrk.kg/ШКУ саммитин 500дөй ММК өкүлү чагылдырды

ШКУ саммитин 500дөй ММК өкүлү чагылдырды

14 Июнь 2019 , 0:06 569

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын 500дөй өкүлү чагылдырды. 

Алар жалпы эле ШКУнун мейкиндигине маалыматты түз эфирде берип турду. 

Катталган телеканал, радио, гезит, интернет басылмаларынын жалпы саны 100дөн ашты. Уюмга мүчө өлкөлөрдө мамлекет башчыларынын жыйынына өзгөчө маани берип, Бишкек көңүл чордондо болуп турат.

“Кытайдан 30дан ашык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү саммитти чагылдыруу үчүн келди. Себеби уюмдун ишмердиги биздин өлкөдө өзгөчө мааниге ээ. Жыйын достукту бекемдейт деген ишеничтебиз. Мамлекеттирибиздин достугу бекемделип жатканы кубандырат”, - деп билдирди кытайлык журналист Лю И.

Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндиги кеңейип жаткандыктан, саммитти чагылдыруу үчүн келген журналисттердин саны да быйыл көбүрөөк. Алардын 80% чет элдиктер экени кабарланды.

Новости по дате