http://www.ktrk.kg/Окуучуларга чукул кырдаалдарда алгачкы жардам көрсөтүү үйрөтүлүүдө

Окуучуларга чукул кырдаалдарда алгачкы жардам көрсөтүү үйрөтүлүүдө

15 Июнь , 14:38 244

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунда кызыл жарым ай улуттук коомунун кызматкерлери Кыргызстандын жети дубаны жана Бишкек шаарынан келген окуучулар үчүн чукул кырдаал жаралганда эвакуациялоо, алгачкы жардам көрсөтүү көндүмдөрүн үйрөтүп жатышат. Буга жалпы жүз окуучу катышып, алар ар кандай кырсыктарга каршы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрсөтүүдө. Бул үчүн балдарга чыныгы экстремалдык кырдаалдар жасалма түзүлүп, мүмкүн болушунча жакындатылган шарттарда жасай турган иш-аракеттерди көрсөтүп жатышат. 

Белгилей кетсек мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин коопсуздугун баалоо максатында айрым уюмдар жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, билим берүүчү мекемелердин 85% коопсуздук деңгээли төмөн болуп чыккан. Андыктан, Кыргызстандагы окуучулар жаратылыш жана башка кырсыктар учурунда өзүн кантип алып жүрүүнү жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуулардан маал маалы менен өтүп турушу зарыл дешет адистер.

"Менимче бул окууда куткарылып жаткан адамдын ичине бөтөн бир нерсе кирип кеткени. Муну биз дарыгерлер келгиче чыгарбай канын токтотуу болуп турат. Аны таңганда дагы атайын эрежелер сакталышы зарыл экен. Себеби туура эмес болсо адам өмүрүнө коркунуч келет. Ал эми башка окутуулары оңоюраак десем болот",- деди Жалал-Абад шаарынан келген окуучу Асылбек Чыраков. 

"Бул балдар биздин биринчи жардам көрсөтүү боюнча ыктыярчыларыбыз. Дагы 22 бала биздин статисттер. Алар болсо ошол өзгөчө кырдаалдар учурун дал өзундөй кылып ойноп беришет. Биз балдарга ДТП болгон учурда, кан көп кетип жаткан учурда кантип токтотуш керек, жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн кандай алып жүрүш керек. Колунан келсе биринчи жардамды башка адамдарга кандай көрсөтүү керек экенин үйрөтүп жатабыз. Мындан сырткары адамдын буту сынганда, башы жарылганда же болбосо бычак же башка нерсе адамдын денесине сайылганда кандай жардам көрсөтүү керек экенин билип жатышат",- деди Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жыпаркүл Кадыралиева.

Новости по дате