http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "Кыргызстан терроризмди жана экстремизмди чечкиндүү айыптайт"

Сооронбай Жээнбеков: "Кыргызстан терроризмди жана экстремизмди чечкиндүү айыптайт"

15 Июнь , 15:47 358

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча алдыбыздагы милдеттерди биргелешип чече алабыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан өз ара ишенимди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча Кеңешменин максаттарын жана принциптерин бекем карманат. 

"1992-жылы Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Азияда өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешмени түзүүнү сунуш кылып, саясий көрөгөчтүк кылган. Бул демилге бир катар Азия мамлекеттери жана БУУ тарабынан колдоого алынган. Ошондон тартып биздин өлкөлөрдүн аракети менен өз ара аракеттешүү өнүгүп, бекемделип келет. Дүйнө ордунда турбайт. Бүгүнкү күндүн чындыгы биздин өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү зарылдыгын талап кылууда. Бул коопсуздук саясаты чөйрөсүнө, чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүгө, экономика жана туруктуу өнүгүүгө тиешелүү.Буга байланыштуу биз Казакстандын Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин Саммитинин негизинде Азияда Коопсуздук жана өнүгүү боюнча Уюмду түзүү тууралуу демилгесин колдойбуз", — деп кошумчалады Жээнбеков. 

Кыргыз Республикасы кандай гана түрдөгү болбосун терроризмди жана экстремизмди чечкиндүү айыптайт. Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштүн активдүү катышуучусу катары биз тийиштүү мамлекеттик Программа кабыл алганбыз. Биздин өлкөдө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик органдар менен бүтүндөй коомдун биргелешкен аракеттеринин алгоритми аныкталган— деди Мамлекет башчысы. Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Уюмдун ролу жана аброю мындан ары карай да өсүп жана бекемдеп, анын актуалдуулугу өсө берерине ишеним билдирди.


Новости по дате