http://www.ktrk.kg/Таза суусуз Лама айылы, ылай аккан сууну ичүүдө

Таза суусуз Лама айылы, ылай аккан сууну ичүүдө

17 Июнь , 14:31 262

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылынын тургундары суу маселесинен бушайман болуп келишет. Эл ичип жаткан суу гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Пайдалануу кооптуу. Ошого карабастан бул суудан алууга аргасыз. 

Бул сууну айла жоктон ичип келебиз. Суу чыкпай да калат. Ар кандай оору менен ооругандар көп. Сууну чоң идиштерге алып аны кайра тундуруп ичебиз. Биздин үнүбүзбү уккандар барбы? - деп суроо салган окурман билдирүү калтырган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате