http://www.ktrk.kg/Чалдыбар айылында жаш балдар арасында массалык мушташ катталды

Чалдыбар айылында жаш балдар арасында массалык мушташ катталды

18 Июнь , 11:11 518

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Чүй облусундагы Чалдыбар айылында массалык мушташ болуп,  ар кандай жаракаттар менен райондук ооруканага   6  киши түштү.  

Алардын арасында  18 жаштагы  3 бала  жана  17 жаштагы эки бала болгон.  Окуя 16-июнда  катталган.  

Жаштар арасында пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Натыйжада айрымдары жаракат алышкан. Уруштун  уюштуруучулары 19 жаштагы эки бала  экени аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Новости по дате